Видео: Орто-Токой дээрлик төрт эсеге соолуду. Министрлик бул жазгы кургакчылыктан улам дейт

Елена Дзимидович аттуу Фейсбук колдонуучусу соцтүйүндөгү барагына Орто-Токой суу сактагычынан тартып алган видеосун жарыялады. Видеодон суу сактагыч соолуп кеткенин көрүүгө болот.

«Мурда бул жерде суу дайыма толуп турчу», — дейт суу сактагычты видеого тарткан аялдын үнү.

Июлдун орто ченинде Суу ресурстары кызматы Айыл чарба министрлигине таянып, Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү 37,3 млн метр кубду түзгөнүн, бул 2022-жылга салыштырмалуу 139,2 млн метр кубга аз экенин билдирген. Быйыл жазында суу жетишээрлик деңгээлде чогулганы, бирок июнда анын көлөмү кескин төмөндөп баштаганы айтылган.

Бул Чүй облусундагы кургакчылыкка байланыштуу болгон — май-июнь айында эгин талаалары сугат суусуз калгандыктан Орто-Токойду суусун кургап бараткан эгин талааларына бурууга туура келген.

Өлкөдө акыркы бир нече жылдан бери жай келери менен суугат суусу тартыш боло баштады. Айрыкча көйгөй Чүй облусунда көбүрөөк байкалат.