Бишкекте 40 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы эркек киши кармалды

Бишкектин «Жал» кичи районунда 40 жаштагы аял өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Клоопко» 29-июлда Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июлда саат 21:40 чамасында милицияга аял киши каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн тактап, анын денесинде жаракаттар бар экенин аныкташкан.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү беренеси» менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 32 жаштагы киши кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Kaktus.Media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, каза болгон аял УКМКнын кызматкери экенин, ал өзүнүн батиринде өлтүрүлгөнүн жазып чыккан. Кылмыш учурунда аялдып жашы жете элек уулу да батирде болгону, ал эми шектүү ИИМде иштегени жазылган.

Бирок милициядан шектүү ИИМде эч качан иштеген эмес деп ишендиришүүдө. Ал эми маркумдун УКМКда иштеп-иштебегени тактала элек.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргыз коомунун балээси — үй-бүлөлүк зомбулук. 2022-жылы эле Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму болсо 2021-жылга карата отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген.

Ошол эле учурда, укук коргоочулар аялдарга карата зомбулуктун масштабы укук коргоо органдары берген сандардан кыйла айырмаланат деп эсептешет.

Буга укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө көз жумуп коюшу да себеп. Адатта аялдын эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат.

Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот.
Фемициддин негизги критерийлерине аялдар экинчи сорттогулар деген идеянын, кызгануунун, маданий эрежелердин («аял кылышы-кылбашы керек»), жыныстык мамиледен жана никеге туруудан баш тартуунун, ала качуунун негизинде, эркек киши менен кандайдыр бир мамилени токтотуу учурундагы жана башка ушундай себептүү өлтүрүүлөр кирет.

Эгерде сиз же сиздин жакыныңыз зордук-зомбулукка кабылган болсо, өлкөнүн төмөнкү даректердеги кризистик борборлоруна кайрылыңыз:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чүй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү