Султанбаев: Оштогу ири индустриалдык-логистикалык борбор жакында ишке берилет

Президент Садыр Жапаров Оштун Кара-Суу районунда курулуп жаткан «ЕвроАзия ГРУПП» индустриалдык-логистикалык борбордун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу 31-июлда өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, аянты 5 гектарды түзгөн борбордун курулушу 70%га аяктады. Жерди мамлекет ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде бөлгөн.

Долбоорго ылайык, логистикалык борбордун аймагында үч өндүрүш жайы иштейт:

  1. Жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабрика үстүбүздөгү жылдын IV кварталында ишке берилиши күтүлүүдө. Фабрикада 800 жумуш орду бар, тигилген киймидер экспортко багытталган. Долбоор 2,6 миллион долларга бааланган.
  2. Трикотаж кездеме чыгарган фабриканы 2024-жылдын IV кварталында ишке киргизүү пландалган. Ишкана 300 адамды жумуш менен камсыздап, күнүнө 20 тоннага чейин кездеме өндүрүүгө багытталган. Долбоорго 18 миллион доллар жумшалат.
  3. Күнүнө 15 тоннага чейин жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталында ишке кириши күтүлүүдө. Анда 150гө чукул адам эмгектенет. Долбоор 3,5 миллион долларга бааланган.

«Президент мамлекет ар дайым ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, инвесторлорго, анын ичинен ички инвесторлорго, жагымдуу шарттарды түзүүнү улантарын баса белгиледи. Аймактагы өндүрүшкө өзгөчө көңүл бурулат», — деди Султанбаев.

Буга чейин, 29-июлда Ош облустук администрациясы Кара-Суу районундагы 1,4 гектар жерге логистикалык борбор куруларын билдирген. Анда кампа, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанция курулары белгиленген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 1,4 гектар жерге логистикалык борбор курулат

«Жапаров элди ойлогон жок». Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү