Бишкек: Тез жардам кызматында иштеген ак халатчандар айлыгын көтөрүүнү талап кылышууда 

Бишкектин Тез жардам борборунун кызматкерлери маянанын аздыгына нааразы. Алар 1-август күнү Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына айлыкты көтөрүүнү талап кылып митинг өткөрүштү. 

Тез жардамдын кызматкери Элдардын айтымында, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тушунда маяна көтөрүлгөн, бирок андан бери азайгандан-азайып бара жатат. Ал акыркы беш айдан бери алардын маянасы кескин азайып кеткен. 

«Буга чейин көтөрүлгөн, бирок айдан айга аз-аздан азайып баштады. Жакында жаңылыктардан биз орточо 27-30 миң сом айлык аларыбызды, ошого ыраазы экенибизди айтып чыгышты. Мындай кепти Тез жардам кызматынын башкы дарыгери өзү айтты. Бул такыр андай эмес. Орточо айлык акы 11-15 миң сом», — деди кызматкер.

Борбор калаанын тез жардам кызматынын дагы башка кызматкери бир дагы жолу 20 миң сом айлык алып көрбөгөнүн белгиледи. 

«Бизде эмгек акыны төлөө (эмгек акыны жамааттык төлөгөндө колдонулган ар бир кызматкердин жалпы жыйынтыкка кошкон салымын саны жана сапаты жагынан жалпылап баалоо) деген бар. Бизге  анын кереги жок. Бизге туруктуу маяна керек. Мына азыр ЭАКга миллиондогон сомдор бөлүнөт деп айтып жатышат, бирок биз миллион деген сөздү угуп көрө элекпиз да. Анан кийин 20 миң сомдон 12 миң сомго түшүп калып жатат деп жатышат. Ооба, чындыгында эле уламдан улам түшүп жатат. Бирок бизге 20 миң сом дагы жетпейт. Бизге туруктуу айлык керек. Ошону көтөрүп бериңиздер биздин максатыбыз ошол, биз бала-бакырабызды багышыбызк керек. [Борборго] жалаң студенттерди алышат, ал эми студенттер 1-2 жыл тажрыйба топтоо үчүн гана иштешет. Ал эми мага окшогондор, иштебейт анткени алар балдарды багыш үчүн чет өлкөгө мигрант болуп кетишет», — деп нааразы болду ал. 

 

Митингге чыккандардын айтымында, борбордун жетекчилиги кызматкерлердин нааразычылыгы тууралуу билгенден кийин чукул жыйын өткөргөн. Жыйынга бардык кызматкерлер, алтургай эмгек өргүүсүндө жүргөндөр да чакырылган. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, анын ичинде ведомствонун жетекчисинин орун басары Улан Садыков да болгон. 

Тез жардам кызматынын өкүлүнүн айтымында, жетекчилик айлыктын азайып кеткенин жай мезгили, кызматкерлердин көбү өргүүгө кеткени менен байланыштырган. Аларга айлык акы, өргүү үчүн төлөм башка кызматкерлердин эсебинен берилген. Бирок тез жардамдын кызматкерлеринин айтымында, айлык жайында гана эмес, башка мезгилде деле аз болгон. 

29-июнда, Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш чарада минкабдын башчысы Акылбек Жапаров дарыгерлердин айлыгы 35-50 миң сомго чейин көтөрүлөт деп ишендирген. Анда ал азыркы тапта дарыгерлер 19 миңден ашык, үй-бүлөлүк дарыгерлер — 25 миңден ашык, ал эми орто медицина кызматкерлери 17 миңден ашырыгаак айлык алып жатканын айткан.