Чек ара чырында жабыркагандарга берилчү жөлөк пулду 5,5 миң сомго көтөрүү сунушталды

Министрлер кабинети 1-августтан тартып 2021-2022-жылдары Баткен жана Ош облусундагы чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөсүнө ай сайын берилүүчү кошумча жөлөкпулду 5500 сомго жогорулатууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоорун Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлиги демилгелеп, 31-июлда коомдук талкууга чыгарды.

Кошумча жөлөкпул төлөнө тургандар:

  • курман болгон адамдардын он сегиз жашка чейинки балдары;
  • курман болгон адамдардын ата-энелери — алар пенсия жашына жеткен болсо, эгер каза болгон жаран жалгыз перзент болсо — өмүр бою алышат;
  • майыптыгы бар адам деп таанылган жабыркагандар — майыптыгы ырасталгандан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу бүткөнгө чейин.

Бүгүнкү күндө аталган жөлөкпулду алгандардын саны 60 кишини түзөт. Токтом долбоору күчүнө киргенден кийин жөлөкпулду алгандардын саны 77 кишиге жетет.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыгы аныктала элек, андыктан чек арага жакын аймактарда — Баткен жана Ош облустарында утур-утур жаңжалдар чыгып турат.

Акыркы ири жаңжал 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон. Куралдуу кагылыш мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Натыйжада 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.

Тажик бийлиги бул жаңжалда өз тарабынан 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттык үналгысынын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза тапканын жазган.

Андан бир жыл мурда, 2021-жылы кыргыз-тажик чек арасында дагы бир ири масштабдуу жаңжал чыккан.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжалда 36 киши, анын ичинде эки бала курман болуп, дагы 154 адам жабыркаганын билдирген. Тажик тарап болсо 19 жараны каза болуп, 87 адам жарадар болгонун кабарлаган.

Тема боюнча окуңуз:

Бирин-бири айыптаган жылдар. Кыргыз-тажик чек ара чырларынын беш жылдык хроникасы