Акылбек Жапаров «Ай Кью» жеке мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүнү тапшырды

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров «Ай Кью» жеке мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө тез арада аттестат берүүнү тапшырды. Бул тууралуу 1-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, тиешелүү ыйгарым укуктуу мекемелер жана укук коргоо органдары мындайга жол берген кызматкерлерди тез арада жоопко тартуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттендирилди.

«Ошондой эле мындай көрүнүшкө жол бербөө максатында, Билим берүү тутумунун лицензиялык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү чечимдердин долбоорлорун минкабдын кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды», — деп кошумчалашты.

Буга чейин билим берүү министрлиги «Ай Кью» мектебинин экстернат жолу (бир жылда 2 классты бүтүрүү) менен окутууга лицензиясы жок экенин айтып, бүтүрүүчүлөргө аттестат берилбей турганын билдирген.

Мындан тышкары, министрлик атайын комиссия түзгөн. Анда окуучулардын ата-энелери, адвокат жана мугалимдерден турган комиссия мектептеги бир катар бузуулары аныкталган.

Ошондой эле мекеме «Ай Кью» бир жылда эки классты бүтүрүш үчүн 84 окуучунун ата-энесинен ар биринен 60 миң сомдо 75 миң сомго чейин (болжолу менен жалпы алты миллион сомдон ашык) акча алганы мыйзамсыз экенин баса белгилеген. Министрлик каражат жарандарга кайтарылып берилиши керек, укук коргоо органдары маселеге көңүл бурууга тийиш деп айтып чыккан.

Ал эми «Ай Кью» жеке мектебинин директору Мадина Кубаева былтыр деле ондогон балага аттестат берилгенин, буга чейин лицензия жаатында эч кандай маселе болбогонун айткан.

Кубаеванын адвокаты Тимур Иманкулов «министрлик лицензиялоо жөнүндөгү мыйзамды бузуп жатканын» билдирген. Ошондой эле адвокат министрлик «Ай Кьюнун» ишине «шалаакылык менен мамиле кылган, эгерде мектептин мыйзам бузуулары бар болсо, мурун эле билдирилиши керек болчу» деп белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бүтүрүүчүлөрү аттестат ала албай жаткан «Ай Кью» жеке мектебинин айланасындагы чуу