Бир кадр менен: Садыр Жапаров жаңы Кыргызстанды куруу боюнча китеп жазды

Президент Садыр Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» деген аталыштагы китеби жарык көрдү. Бул тууралуу «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигинен билдиришти.

Садыр Жапаровдун китеби. Сүрөт: «Кабар»

Жапаров жазган китеп төрт бөлүмдөн турат:

  • Жаңы Кыргызстанды курууга багыт алуу идеясынын жаралышы.
  • Мамлекеттин өзөк-идеологиялык негизги иш багыттары.
  • Улуттук өзөк-идеологиянын негизги багыттары (каада-салттар, өзгөчөлүктөр, үрп-адаттар, маданият, ашкана).
  • Жыйынтыктоочу сөз.

Ошондой эле, китепте Кыргызстандын тарыхы, учурдагы окуялар жана келечеги тууралуу сөз болгону айтылды. Китептин өзүндө Жапаровдун дүйнөдө болуп жаткан окуялардын шартында Кыргызстан тууралуу ой-толгоолору камтылган.

Китепте президент, ошондой эле, жаңы Кыргызстанды куруу идеясынын жаралышы тууралуу айтып берген. Буга кыргыз элинин тарыхы шык (мотивация) берген.

Жапаров идеологияны эки багытка бөлгөн — мамлекеттик жана улуттук. Биринчи багытка ал мамлекетти түрдүү тармактарда өнүктүрүү максатын жарандарга жеткирүүнү киргизген.

Ал эми улуттук идеология катары президент «кыргыз элинин өзгөчөлүгүн кылымдар бою урматтап, сактап келе жаткан» кыргыз элинин өзүн түшүнөт. Жыйынтыктап жатып Жапаров жарандарды жаңы Кыргызстанды куруу идеясынын айланасына биригүүгө чакырган.