Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды

31-июлда Москвада кыргызстандык аялдарга колдоо көрсөтүү максатында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу элчиликтен 1-августта билдиришти.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, борборду ачуу аземине Москва шаарынын жана Москва облусунун кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери катышты.

Эмгек мигранттарынын укуктук маалыматтуулугун жогорулатуу максатында, элчилик иш-чарага «Медициналык камсыздандыруу капиталы» компаниясынын, Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөк көрсөтүү борборунун жетекчилери, ошондой эле Москва адвокаттар коллегиясынын жактоочулары чакырылды.

Алар катышуучуларга милдеттүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу, эмгек талаш-тартыштарын чечүү, эмгекти коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана башкалар боюнча маалымат беришкени айтылды.

Элчиликтин маалыматында, кризистик борборду түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашууга 2023-жылдын 4-7-мартында Москва шаарында өткөн Биринчи кыргыз-орус аялдар форумунда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Миңдеген аялдарга жардам». Кыргызстандагы кризистик борборлор тууралуу беш факты

Бишкек: Төрт баласы менен киоскто жашаган үй-бүлө кризистик борборго тапшырылды