Улуттук банк чет элдик валютада акча которууга киргизилген чектөөлөрдү алды

Кыргызстандын Улуттук банкы акча которууга коюлган чектөөлөрдү алды — эми акчаны кайсы валютада жөнөтсө, ошол валютада алса болот. Бул тууралуу 1-августта банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай токтомду Улуттук банк 2023-жылдын 26-июлунда кабыл алды.

Мындай чечим өлкөнүн ички валюта рыногундагы кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу, ошондой эле чет элдик валюта менен «мүмкүн болгон алып-сатарлык операциялардын алдын алуу»  үчүн кабыл алынганын түшүндүрдү.

Кыргызстандыктар акча которууларды сом менен жана алар келген өлкөнүн валютасында гана ала алат деген чектөөнү Улуттук банк 2022-жылдын апрелинде киргизген.

Автору: Медина Шамшидинова