«Автобус ишканасы пайдаланат». Мэрия «Дубровский» ресторанынын чарбалык курулуштарын бузат

Бишкек мэриясы «Дубровский» ресторанынын жанындагы чарбалык курулуштар бузуларын билдирди. Кечээ ресторандын имараты муниципалдык менчикке өткөн болчу.  

Мэриядан кабарлашкандай, ресторандын ээси ижарага алган жер участогу 3700 чарчы метрди түзөт, анын ичинен 493 чарчы метрде ресторандын имараты жайгашкан. Калган бөлүгүндө коомдук тамактануучу жайдын муктаждыктары үчүн башаламан курулган чарбакер субъекттер бар (азыктарды сактоо, тамак-аш даярдоо ж.б.)

«Чарбалык курулуштар мурда пландаштырылгандай демонтаждалат. Бошотулган жер тилкеси "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын кызыкчылыгы үчүн кирүү жана чыгуу процесстерин жөнгө салуу, ошондой эле автопаркты кеңейтүү (оңдоо жайларын, унаа токтотуучу жай үчүн кошумча аянтты уюштуруу) максатында пайдаланылат», — деп мэриядан белгилешти.

Бишкектин 7-апрель көчөсүндөгү жайгашкан «Дубровский» рестораны муниципалдык менчикке өткөндүгү тууралуу маалымат 3-августа белгилүү болгон. Бишкек мэриясынан ресторандын ээлерине жер участокторун ижарага берүү укугун берүү боюнча комиссиясы ижара келишимин узартуудан баш тарткан.

Ресторандын имаратын демонтаж кылалы дегенде, ижарачы 48,5 млн сомдон турган мүлктү «Бишкек шаарынын социалдык муктаждыктары үчүн» муниципалдык менчикке өткөрүп берүү каалоосун билдирген. Ижарачы тарабынан эч кандай дооматтар жок экени айтылат. 

Вице-мэр Нурдан Орунтаевдин айтымында, муниципалитет кийинчерээк ресторандын имаратын кимге берүүнү чечет.