Ошко 2 млрд долларга акылдуу шаар куруу пландалууда

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы, фейсбук

Ошто 2 млрд долларга «Ош Сити» аталышындагы акылдуу шаар куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын барагында кабарланды.  

Долбоорго ылайык, курулуш иштери инвесторлордун каражатына жасалат. 

Бийлик шаардын аймагына 500 көп кабаттуу имаратты, ошондой эле мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, парктар жана скверлерди салууну көздөйт. «Ош Ситинин» тургундарынан салык ирээтинде мамлекеттик бюджетке 4 млрд сом, ал эми жергиликтүү казынага 250 млн сом түшөрү күтүлүүдө. 

Мэриянын маалыматына ылайык, келечекте Оштун аймагын кеңейтип, ал эми андагы тургундардын санын 1 млн адамга жеткирүү пландалууда. 

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы, фейсбук

Жаңы шаарды салуу планы Ош шаарынын административдик-аймактык реформасына арналган жыйында талкууланды. 

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы, фейсбук

Ошондой эле жолугушууда жаңы өндүрүштүк-соода аймагын, шаар четине жаңы кичи райондор менен 32 гектар жерге муниципалдык базар салуу сыяктуу дагы башка бир катар ири инвестициялык долбоорлор да сунушталды.    

Автору: Акылай Курманова