Сот «жашыруун улутчул топтун» жашы жете элек мүчөлөрүн эки айга камады

Бишкектин Биринчи май райондук соту «жашыруун улутчул топтун» мүчөсү деп  шектелген жашы жете элек үч адамды УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизди. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мындай чечимди сот 2-августта чыгарды. Соттун токтомуна ылайык, алар 2023-жылдын 1-октябрына чейин камакта болушат. 

УКМК үч өспүрүмдү 2-август күнү кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, колго түшкөндөр «азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялашкан»  

Ошондой эле УКМКдан шектүүлөр өздөрүнүн видеолорунда «фашисттик символдорду» колдонушкан деп билдирди.  

Тергөө «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.