Жалал-Абад: Сот 10 жыл психиатриялык ооруканада жаткан кишини үйүнө чыгаруудан баш тартты

Жалал-Абад облустук соту Ноокен районунун тургуну Нурмамат Меймановду «абалы жакшырганына карабай» психиатриялык ооруканадан чыгаруудан баш тартты. Ал 10 жылдан бери аталган ооруканада дарыланып келет.

«Адилет» укук коргоо уюмунун 4-августтагы маалыматында Мейманов 2012-жылы мас абалда айылдашын күрөк менен башка чаап өлтүрүп алганы айтылат.

«Кылмышка каза болгон адам Меймановдун кыздары менен жыныстык катнашта болгон деген ушак-айың себеп болгон. Ал учурда айыпталуучунун улуу кызы 8-класста, кичүүсү 6-класста окучу», — деп жазылат билдирүүдө.

Тергөө учурунда Меймановдун психикалык ооруга чалдыкканы аныкталып, кылмыш иши 2013-жылдын 3-майында токтотулган. Айыпталуучу психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн.

10 жылдан соң оорукананын жетекчилиги Меймановдун «абалы бир топ жакшырганын» айтып, аны амбулатордук дарыланууга чыгаруу сунушу менен сотко кайрылган.

Райондук прокурор Меймановдун жасаган кылмышы оор экенин эске алып, аны ооруканада калтырууну талап кылган. Жактоочу Элдор Бакиров болсо «мындай учурда кылмыштын оордугу эмес, бейтаптын абалы жана дарыгерлердин пикири эске алынат» деп билдирген.

Кийин райондук да, облустук да сот Меймановду психиатриялык ооруканада калтырууну чечкен. Облустук соттун отурумунда адвокатка маалымат берилбей, процесс Бакировдун катышуусуз өткөн.

«Мыйзам боюнча сот отурумунда медициналык мекеменин сунушу, психиатрлардын корутундусу каралып, катышуучулардын пикири угулат. Комиссиясынын корутундусу күмөн жараткан учурда судья соттук-психиатриялык экспертиза дайындай алат, кошумча документтерди талап кылат. Ошондой медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу, өзгөртүү же узартуу жөнүндө маселе чечилип жаткан адамды суракка алат, бирок мунун баары болгон жок», — деп нааразы болду жактоочу.

Азыркы тапта Меймановдун адвокаты БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылууну көздөп жатат.

Бул боюнча Жалал-Абад облустук сотунан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.