Видео: Баткендин чек арага жакын айылдарындагы аялдардын футбол ойногону

Баткен облусунун Лейлек районунун Көк-Таш айылында аялдар арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Турнирге жалпысынан 10 команда катышты, алардын арасында «Орус тобу» деген топ да болду. Анда Айдаровдордун үй-бүлөсүндөгү аялдар чогулган.

Үч жылдан бери бул мелдешти активист Гази Бабаярова уюштуруп келет. Анын айтымында, бул ишти ал баткендик аялдарды жумуштан, түйшүктөн алаксыганы жардам берүү үчүн жасап келет.