Сүрөт: Салык кызматы жеке жактардын 2,3 млн декларациясын жок кылды

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 7-августта жек жактардын 2 млн 377 миңден ашык салык декларациясын өрттөдү. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматынан өрттөлгөн декларациялардын 1,5 миллиону ишкерлик менен алектенбеген жеке жактарга, 321 миңи салык салынычуу кирешеси жок жактарга жана 553 миңи — мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы адамдарга таандык экенин билдиришти.

Декларациялар атайын меште жок кылынды. Ал эми декларациялардын электрондук версиялары «Салык сервис» мамлекеттик мекемеси тарабынан өчүрүлдү.

Бардык декларациялар «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык жок кылынды, ал жеке жактардын декларацияларын жок кылуу процедурасын кепилдейт. Активдерди 2024-жылдын 9-июнуна чейин ыктыярдуу түрдө декларацияга киргизсе болот.

Активдерди легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзам

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун президенттин администрациясы иштеп чыгып, 2022-жылдын мартында сунуштаган.

Юристтер мыйзам долбоорунун биринчи вариантын сынга алып, демилге өлкөнүн Конституциясына, анын ичинде Кыргызстан өзү мүчө болгон эл аралык келишимдерге жана документтерге, ошондой эле коррупцияны жоюу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик стратегияга каршы келерин белгилешкен.

Бирок ага карабастан, парламент президент Садыр Жапаровдун өтүнүчүнөн кийин, өткөн жылдын июнь айында түзөтүүлөр киргизилет деп ишендирип мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. 4-майда депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышкан.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору чын эле кайра иштетилип чыккан, бирок юристтер айткан негизги тобокелдиктер ошол бойдон калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эркин-Тоодо» гана жарыяланган. Мыйзамсыз активдерди адалдоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирди