«Эркин-Тоодо» гана жарыяланган. Мыйзамсыз активдерди адалдоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирди

Май айында Жогорку Кеңеш «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алган.

Мыйзам долбоорун 56 депутат колдоп, экөө каршы чыккан. Жалпы 73 депутат катталган. Андан кийин бул документ эмне болгону, ага аны сүрөмөлөгөн президент Садыр Жапаров өзү кол койгону дагы белгисиз болчу.

Ошентип мыйзамга кол коюлганы ЖМКга 20-июнда гана белгилүү болду, анткен менен бул тууралуу мамлекет башчысынын сайтында маалымат жарыяланган эмес. Ал күчүнө кирип иштеп баштаганы Мамлекеттик салык кызматынын пресс-релизинен маалым болгон.

Economist.kg басылмасы жазгандай, журналисттер мыйзамдын күчүнө киргенин Салык кызматынын салыктык эсептен чыгарууларды алууга арыз берүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө билдирүүсүнөн кийин билишкен.

Бирок мыйзамдын күчүнө киргени Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсүндө гана айтылган эмес. Мыйзамдын өзү «Эркин-Тоо» гезитинин 9-июндагы чыгарылышында да жарыяланган. Гезиттин маалыматына ылайык, Жапаров мыйзамга 6-июнда эле кол койгон.


Гезит бетинен скриншот

Өкмөттүн 2010-жылдагы токтомуна ылайык, мыйзамдын мамлекеттик органдардын сайттарында, ошондой эле «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланышы расмий жарыяланган болуп эсептелет.

Аталган мыйзам башка өлкөнүн аймагында кылмыш жолу менен алынган жана чыгарылган, анын ичинде соттун чечими менен ушундай деп таанылган активдерди легалдаштырууга байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салбайт.

Активдерди легалдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун президенттин администрациясы иштеп чыгып, 2022-жылдын мартында сунуштаган.

Юристтер мыйзам долбоорунун биринчи вариантын сынга алып, демилге өлкөнүн Конституциясына, анын ичинде Кыргызстан өзү мүчө болгон эл аралык келишимдерге жана документтерге, ошондой эле коррупцияны жоюу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик стратегияга каршы келерин белгилешкен.

Бирок ага карабастан, парламент президент Садыр Жапаровдун өтүнүчүнөн кийин, өткөн жылдын июнь айында түзөтүүлөр киргизилет деп ишендирип мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору чын эле кайра иштетилип чыккан, бирок юристтер айткан негизги тобокелдиктер ошол бойдон калган.

Мыйзам долбоору менен кыргызстандыктарга мурда кандайдыр бир себептер менен документке кирбей калган активдерин декларацияга киргизүү сунушталган. Сөз жада калса жеке адамга жана жеке менчикке каршы кылмыштарды жасоо менен алынгандарды кошпогондо мыйзамсыз же кылмыштуу жол менен келген активдер тууралуу болууда. Ал үчүн атайын декларация тапшыруу керек.

Ошол эле кезде активдеринин келген булагын ачыктоого эч ким милдеттүү болбойт. Атайын декларация алардын мыйзамдуу экенине тастыктама болуп берет.