Бишкек: Жаңы курулуп жаткан Ак үйдүн имаратынан өзбекстандык жумушчу кулап түштү

6-августта жаңы курулуп жаткан президенттик администрациянын имаратынын үстүнкү кабатынан 30 жаштагы куруучу кулап түштү. Маалыматты «Клоопко» Ленин РИИБнен тастыкташты.

Милициянын маалыматына ылайык, кулап кеткен адам башынан жаракат алып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийин ал Өзбекстандын 30 жаштагы жараны экени аныкталды.

Бул окуя Ленин райондук милициясына каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинен «Клоопко» жабырлануучу Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында экенин билдиришти. Бейтап жандандыруу бөлүмүнөн нейротравматология бөлүмүнө которулду — анын абалы туруктуу.

Буга чейин, президент Садыр Жапаров Транспорт министрлигине жаңы техника өткөрүп берүү иш-чарасында жаңы Ак-үйдү курууга жумушчуларды таппай, Дубайдан келген жумушчуларды чакырышканын белгилеген.

«Кыргыздар жалкоо элбиз, ал эми жергиликтүү курулушчулар башка нерселерге алаксып жай иштешет. Чет өлкөлүк бир күндө жасап бүтүргөн ишти, биздин кыргыздар бир жумада дагы бүтүрө албай жатабыз», — деп белгилеген Жапаров.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эки айдан бери уста жок». Баткендеги үйлөрдү куруучу компания усталарга эмгек акысын төлөбөй жатат

Ошто 8-кабаттан кулаган куруучу каза тапты