Муфтий «интернетте аялдардын ич кийимин кийип бийлеген эркектерди» сынга алды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы муфтий Замир Ракиевдин кайрылуусун чыгарды. Кайрылууда Ракиев интернеттеги видеодо аялдардын ич кийимин кийип алып бийлеген сакалчан эркекерди сындады.

Муфтийдин айтымында, «интернет булактарында сакал коюп алган эркек эле балдар аялдардын ич кийимин кийип алып видео жүктөп жатышат».

«Кудайдан корколу, урматтуу бир тууган. Пайгамбарыбыз с.а.в. атайылап бир эркек аялга окшошкусу келсе, атайылап туруп бир аял эркекке окшошкусу келсе Алланын каргышы болсун деген. Урматтуу бир тууган, эсибизге келели. Ошол нерсе менен беш-он тыйын табам деп намысыбызды тебелеп, шерменде болуп, ошол жерде урук-тууган, койчу, көтөрүп жүргөн фамилияң эмне болуп атат?» — деп суроо салды Ракиев.

Ал «эркектердин ушундай жоруктарынын айынан Кыргызстан шерменде болуп жатат» деп эсептейт. Ал муфтиятка мусулман кийимдерин кийип алып алдамчылык кылып жаткандардын үстүнөн арызданып кайрылгандар болуп жатканын да кошумчалады.

«Мечитке келген, ушундай мусулмандын сүрөтүн келтирип алып, киши алдагандарга кайрыларым, урматтуу бир туугандар, жарыбай каласыңар, береке таппай каласыңар», — деди ал.

Социалдык түйүндөргө видеолорун жүктөгөн жарандардын тышкы келбетине байланыштуу Ракиевден тышкары депутат Шайлообек Атазов да оюн айткан. Июнда ал кыздар камерага ич кийимин «башына кийип алып» бийлеп жатканын, андай кылбаш керектигин айткан.

«Аксакал төрдө отуруш керек. Кыз аксакалдардын, чоң адамдардын алдында этегин ачып жүрбөшү керек. Кыз ТикТокко чыгып алып, ич кийимдерин башына кийбеши керек. Ушул улуттук баалуулуктарга залака кетире турган нерсе да. Кыз абийири менен башка бүлөгө барып тийиши керек дегендей. Ушундай баалуулуктарга сокку урган долбоорлор келип калат кээде Кыргызстанга, ошол боюнча айтылат ал жерде [мыйзам долбоорунда]», — деп билдирген анда Атазов.