Бишкек: 20-августтан тарта автобус жана троллейбустарда контролёрлор иштеп баштайт

20-августтан тарта баш калаанын автобус жана троллейбустарында контролёрлор иштеп баштайт. Бул тууралуу «Тулпар» долбоорунун башкы жетекчиси Бекжан Акматбековго таянып Economist.kg басылмасы жазды.  

Буга чейин Бишкек мэриясы 20-августтан тарта муниципалдык автобус жана троллейбустарда кол кирени накталай эмес төлөм менен гана алынарын билдирген. Жол киреге накталай акча алынбайт.  

Акматбековдун айтымында, жол киренин төлөнүшүнө мурдагыдай эле айдоочулар көз салышат. Ошондой эле биринчи күндөрү муниципалдык транспортто жол акысынын төлөнүшүнө көзөмөл кылуу үчүн Бишкек троллейбус башкармалыгынан (БТБ), Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынан жана Бишкек мэриясынан кошумча кызматкерлер тартылат.  

«Биринчи жумада — ар бир транспортто болот, андан ары — жагдайга жараша болот. Контролёрлор — атайын негизде туруктуу иштешет, бирок аз санда, бирок [долбоор] толук кандуу ишке киргенден кийин гана», — деп билдирди ал. 

20-августтан тарта автобус жана троллейбуста жол акысын төмөнкү ыкмалар аркылуу төлөөгө болот: 

  • Үч категориядагы «Тулпар» транспорттук карталары аркылуу — стандартык, мектеп, жеңилдик карталары менен. 20-августтан тарта карталардын баасы 30 сомго чейин арзандайт;
  • контактсыз төлөм жүргүзүүгө боло турган Кыргызстандагы бардык банктардын карталары аркылуу;
  • NFC виртуалдык карталары аркылуу;
  • «Тулпар», Balance, Megapay жана башка тиркемелердин QR-кодун саканирлөө аркылуу;
  •  «Тулпар» тиркемесинде транспорттун кодун терүү аркылуу.

Бишкек мэриясы акыркы үч жылдан бери коомдук транспортто жол акысын толугу менен накталай эмес төлөө системасына өткөрүүгө аракет кылып келет. Бирок андай системага өтүү бир нече ирет белгисиз убактарга жылдырылып келген