Бишкек: Маршруткада жүргүнчүлөрдү коркутуп, «отвёртка» менен тап берген балдар кармалды

Бишкекте маршруттук автобустун жүргүнчүлөрүн коркутуп, белгисиз курал менен тап берген балдар кармалды. Бул тууралуу 9-августта шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматта кармалгандардын бири 28, экинчиси 18 жашта экени, экөө тең буга чейин бир нече жолу соттолгону айтылат. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин социалдык тармактарда №199 маршруттук автобустун ичинде жаңжал болуп жаткан видео тараган. Анда эки киши маршруттагы адамдарга жулунуп, бирөөсү «отвёртка» тап берип жатканын көрүүгө болот.

Видеонун авторунун айтымында, балдардын бири жүргүнчүнүн телефонун уурдап жатканда кармалып калган. Ошондон кийин алар кутулуп кетүү үчүн жүргүнчүлөрдү «отвёртка» жана «лезвия» менен коркуткан.