Коммерсантъ: Бабановдун үй-бүлөсү менен байланышы бар фирма орус компаниялары үчүн кампа салат 

Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсү менен байланышы бар делген компания Бишкектин чет жакасында ири кампа комплексин курат. Келечектеги соода аянттарын ижарага ала тургандардын негизгилерин логистикалык операторлор менен маркетплейстерди кошуп, Орусиялык компаниялар түзөт. Бул тууралуу 9-августта аталган долбоордун консультанты эсептелген NF Group’ка таянып «Коммерсантъ» басылмасы жазды.   

Asia Park кампа комплекси түшө турган жердин аянты 28,8 гектарды, ал эми кампанын өзүнүн аянты 163 миң чарчы метрди түзөрү белгилүү.  

Басылманын маалымат булагынын айтымында, долбоорду «Траст KG» фирмасынын түзүмдөрү ишке ашырып жатат.  

«СПАРКта (орусиялык аналитикалык тутум) компаниянын башкы директору деп Жаныбек Мырзабаев көрсөтүлгөн, “Ъ” аны менен байланыша алган эмес. Аты-жөнү так эле ушундай адам “Кыргызстан” банкынын директорлор кеңешине кирет, банктан “Ъ” кыска убакта жооп ала албай койгон. Жергиликтүү ЖМКда Мырзабаев мурда өкмөт башчысы болгон саясатчы Өмүрбек Бабановдун жээни деп айтылып жүргөн. Ал эми “Траст KG’нин” ээси деп ЖМКда Бабанов мырзанын эжеси Ая Бабанова айтылып жүргөн», — деп айтылат материалда. 

NF Group’тун өнөктөшү Константин Фомиченко кампа Кыргызстан үчүн чоң эле болорун белгилейт. Ал азыркы тапта сапаттуу сунуштун жалпы көлөмү 46 миң чарчы метрди түзөрүн, бирок кампанын курулушу бүткөндө бул көрсөткүч 4,5 эсе көбөйөрүн айтат. 

Фомиченко Кыргызстанда соода аянттарынын тартыштыгынан ижаранын акысы Москва облустарындыкындай эле болуп калганын кошумчалады — 1 чарчы метрдин бир жылдык ижарасы 6,5 миң рубль. 

Анткен менен материалда орусиялык девелоперлер жергиликтүү базарлардын каражаты жетишсиз жана транспорттук инфраструктура жетишерлик өнүгө элек деген сыяктуу тобокелдиктердин айынан азырынча Борбор Азияда иштөөгө даяр эместиги айтылат. Алардын пикиринде, азыркы тапта Борбор Азияда баалар долларга байланган, бул өз кезегинде «долбоорлор үчүн кошумча валюталдык тобокелдиктерди жаратат». 

Ал эми басылманын бажы брокерлер тармагындагы маектеши Кыргызстан Европанын санкциялык жүктөрүн ташып өткөрүү үчүн активдүү колдонулуп жатканын айтып берген.  

Юстиция министрлигин маалыматына ылайык, «Траст KG» компаниясынын башчысы катары «Мбанк» (мурда Кыргызстан Коммерциялык банкы) коммерциялык банкында дагы директорлор кеңешине кирген Жаныбек Мырзабаев көрсөтүлгөн. Мырзабаев Бабановдун тууганы экени да белгилүү

Автору Медина Шамшидинова