Парламентте сомду бир гана өлкө ичинде басып чыгаруу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева «сомду күчтөндүрүүгө» багытталган «Улуттук валюта жөнүндөгү» мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзамдын долбоору 30-июнда коомдук талкууга чыгарылган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 7-августта Абдибаева Улуттук банктын төрагасы Кайып Куленбеков менен жолугушуу өткөргөн. Куленбеков мыйзам долбоорун колдогону белгиленет.

Мыйзам долбоору кабыл алынса улуттук акча бирдигинин банкнотторун жана тыйындарын басып чыгаруу Кыргызстандын аймагында гана жүзөгө ашырылат.

Андан тышкары, өлкө ичинде соода жүгүртүүнү бир гана сом менен жүргүзүү сунушуталууда, анткени «өлкө ичинде ички соода көбүнчө чет элдик валютада ишке ашып жатканы байкалууда, бул сомго басымдын күчөшүнө өбөлгө түзүүдө».

«Насыя берүү системасында турак-жайды бөлүп-бөлүп сатып алууда өлкөдө валюта курсу кескин секирип кеткенде же валюта курсу жасалма түрдө көтөрүлгөндө жарандар карыздарын төлөөдө кыйынчылыктарга туш болушат», — деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.

Мыйзам долбооруна ылайык, соода ишмердиги, кредит жана зайымдарды берүү, товарларды экспорттоо жана импорттоо, валюталык киреше жана чыгашалары бар чарбалык ишмердүүлүк, ошондой эле эркин экономикалык зоналардын субъекттеринин ишмердүүлүктөрү гана чет өлкөлүк валютада жүргүзүлө алат.

Улуттук валютанын акча бирдигин Кыргызстан жакын арада республиканын ичинде басып чыгара баштарын президент Садыр Жапаров дагы билдирген. Июндун башынду ал бул багытта «тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын» жана «керектүү техника сатып алынганын» айткан. Учурда сом Франция жана Мальтада басып чыгарылат.

Тема боюнча окуңуз:

Кымбат, бирок экономикалык пайдасы болушу мүмкүн. Эксперттер сомду өлкө ичинде чыгаруу тууралуу