Кымбат, бирок экономикалык пайдасы болушу мүмкүн. Эксперттер сомду өлкө ичинде чыгаруу тууралуу

Президент Садыр Жапаров 9-июнда жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштай турганын билдирген. Анын айтымында, бул багытта «тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника» алынган.

Учурда сом Франция жана Мальтада басып чыгарылат. «Клооп» эксперттер менен Кыргызстандын сомду өлкө ичинде басып чыгаруу чечими тууралуу кандай ойдо экенин сүйлөшүп, пикирлерин укту.

Финансы маселелери боюнча адис Арсланбек Кененбаев кичинекей өлкө үчүн өзүнүн акча басмаканасына ээ болуу кымбатка турарын, ал эми анын курулушу баштапкы чоң чыгымдарга түртүшү мүмкүндүгүн белгиледи.

Ал Кыргызстан курулушка акча салууга даяр инвестор тапкан же бийлик өзү бюджеттен акча бөлүүнү чечкен болушу мүмкүн деп эсептейт.

Ал эми экономист Марат Мусуралиев бийлик сомду өзү деле басып чыгара алат деген ойго келген болушу ыктымал экенин кошумчалады.

«Теориялык жактан алганда, акчаны өлкө ичинде басып чыгаруу аны басып чыгарууга кеткен чыгымдарды азайтууга түрткү болушу мүмкүн. Бирок бул факты эмес. Ага кошумча, көп нерсе акчаларга салынган коргоо деңгээлдеринин даражасынан көз каранды болот. Акчаны өлкө ичинде басып чыгаруунун өзгөчө бир артыкчылыгы деле көрүнбөгөнү менен дайыма жаңыланып туруучу коргоонун жаңы даражалары менен накталай акча басып чыгаруунун технологиялары өнүгөт», — дейт ал.

Кененбаев болсо жеке акча чыгаруучу басмаканага ээлик кылуу Кыргызстан үчүн экономикалык пайдасын берет деп эсептейт.

«Бирок аны өлкө ичинде басып чыгаруу импорт эмес, бул атамекендик өндүрүш жана жумуш орундары. Ошондой эле банкнотторду чыгаруу ыкчамыраак болот. Ошондуктан экономикалык пайдасы бар болушу мүмкүн деп ойлойм», — дейт ал.

Ал эми бийлик кокус көп акча басып чыгарууну чечсе сом түшүп кетпейби деген суроого Кененбаев да, Мусуралиев да эгер бийлик андайды кааласа азыр деле сомду чыгарган компаниядан суранып, көп акча чыгартып алат деп жооп беришти.

Кыргызстан — мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп өз улуттук валютасын жүгүртүүгө киризген өлкө. Сом КМШда эң эле туруктуу валюталардын бири болуп саналат.