Ысык-Көлдүн пляждарына бардык жарандар эркин кире алат — президенттин жарлыгы

Эми Ысык-Көлдүн пляждык аймактарына жергиликтүүлөр эле эмес, өлкөнүн бардык жарандары кире алат — президен Садыр Жапаров 9-августта жарлыгына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент өзүнүн жаңы жарлыгы менен 2022-жылдын майында кол коюлган «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндөгү» жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизди.

Анда Жапаров Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундары көлдүн пляждык аймактарына тоскоолдуксуз кирсин деген тапшырма берген. Мындай чечим жергиликтүү тургундардын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынган.

Андан тышкары, ошол эле жылы президент минкабга Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан, ачылуучу калиткалары жок жана жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук кылган тосмолорду (дубалдар, темир торлор, металл зымторлор) алдырууну тапшырган.

Андан кийин 2023-жылдын июнунда Жапаров жарлыгына түзөтүүлөрдү киргизип, Ысык-Көлдүн пляждык аймактарындагы адамдардын эркин кирип чыгуусуна тоскоолдук жараткан тосмолорду (дубалдарды, торлорду, темир тосмолорду) бузуп, андан кийин андай тосмолордун жаңысын курууга тыюу салууну тапшырган.

Автору: Медина Шамшидинова

Тема боюнча:

Чолпон Ата: «Радуга» эс алуу борборунун пляжына башка аймактын тургундары киргизилбей жатат