1-сентябрдан тартып унааны онлайн кайра каттоодон өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

ИИМ жана Санарип министрлиги 1-сентябрдан тартып пилоттук долбоорду ишке киргизишет, ал боюнча кыргызстандыктар унааларын онлайн кайра каттоодон өткөрө алышат. Бул тууралуу 10-августта «Унаа» мамишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт президенттик администрациянын санариптештирүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуевдин Х (мурда Твиттер) аккаунтунан алынды

Долбоор 2024-жылдын 1-сентябрына чейин иштеп, натыйжасын көрсөтсө андан ары ишин улантат. 

«Автотранспорт каражатын онлайн кайра каттоо жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн ээсине берилген айыптар, туумдар, салыктар боюнча карызы жок учурларда жеткиликтүү болот», — деп белгилешти «Унаа» мамишканасынан.

Онлайн кайра каттоо үчүн автотранспорттун ээси автотранспорт каражатын визуалдык кароодон өткөрүп, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алышы керек. Ал эми унаанын кароодон өткөндүгү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат. Бул аралыкта унаанын ээси машинасын банктар жана «Түндүк» мамлекеттик порталы тарабынан иштелип чыккан тиешелүү тиркемелер аркылуу онлайн кайра каттата алат.

Мындан тышкары, эгер транспорт каражаты никеде турган убакта алынган болсо жолдошу/жубайы дагы кайра каттоого макулдук берүү үчүн онлайн идентификациядан өтүшү керек.

Автору Медина Шамшидинова