Оорукчан жана жалгыз калган апаларга жардам берген 74 жаштагы Зинаида


Зинаида Анатольевна 74 жашта. Ал — ыктыярчы. Өзү да жаш курагына карабастан, оорукчан жана жалгыз калган апаларга үй иштеринде жардам берет: тамагын жасайт, дары-дармек жана азык-түлүктөрүн алып келип берет. Андан тышкары, хоспистеги балдарга, ошондой эле бир нече уюмда ыктыярчылык кылып башка карыяларга да жардам берет. 

Зинаида апа жардамы үчүн акча албайт, өзүн «ыктыярчы жардамчымын» деп эсептейт.