«312 кино» жана «312 ТВ» телеканалдарына кыргыз тилинде берүүлөрү аз болгону үчүн айып салынды

Маданият министрлигинин кызматкерлери пландык текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү» мыйзамды бузганы үчүн «312 кино» жана «312 ТВ» телеканалдарына айып салышты. Бул тууралуу 9-августта мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, телеканал аталган мыйзамдын 8-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасынын ченемдерин сакташкан эмес.

«Бул пунктка ылайык, телерадио программалардын жана телерадио берүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмеси ата мекендик өндүрүштөгү телерадио программалардан жана телерадио берүүлөрдөн турууга тийиш - анын ичинде саат 7.00дөн тартып 10.00гө чейин жана 18.00дөн тартып 23.00гө чейинки мезгилде», — деп билдиришти министрликтен.

Натыйжада телеканалдардын ар бирине 23 миң сомдон айып салынды.

Андан тышкары, пландык текшерүү дагы беш телеканалда жүргүзүлгөн: «312 Музыка», «НТС» (Жаша), «Кью спорт» (Q-Sport Arena), «Бакайнур-Мега» (Next TV) жана «Тумар ТВ». Бул телеканалдарда мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

Автору: Медина Шамшидинова