Бишкекте «Барселонанын» легендалары менен футболдук беттеш өтөт

«Барселона» футболдук клубунун легендалары Кыргызстанга келип, футбол ойношот. Бул тууралуу команданын расмий сайтында айтылат.

Клубдан «Барселона» катарына адамдарды көбүрөөк тартып, жаңы аудиторияны багынтууга умтулуп, эл аралык брендин кеңейтүүнү улантып жаткканын айтышты.

«Клубдун Борбор Азиядагы акыркы стратегиялык сапары Кыргызстанда “Барсанын тажрыйбасы” аталышындагы долбоорду иштеп чыгуу үчүн футбол жана спорт маданиятын жайылтуу боюнча иштеген Jalgroup Asia компаниясы менен кызматташтыкка кол коюу максатын көздөйт», — деп айтылат билдирүүдө.

Клубдун долбоору бир нече жылга каралган, ал өлкөдө «Барса» брендинин кээ бир активдерин колдонууну камтыйт.

«Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында “Барса” академиясы аркылуу жаштар арасында “Барсанын” спорт жана стили жайылтылат, ошондой эле аталган шаарларда долбоордун социалдык жагын бекемдөө үчүн “Барса” дүкөнү жана “Барса” кафеси ачылат», — деп кошумчалашты клубдун өкүлдөрү.

Мындан тышкары, «Барсанын Легендалары» командасы 30-августта саат 20:00дө Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «Азиянын легендалары» командасына каршы беттеш өткөрөрү күтүлүүдө.

«Беттешке мурдагы оюнчулар, алардын ичинде Жулиано Беллетти, Людовик Жюли, Рональд де Бур, Серхи Бархуан, Жованни Сильва, Хуан Карлос жана Йон Андони Гойкоэчеа катышат. Бул “Барсанын” өлкөдөгү ышкыбоздору үчүн клубдун улуу спорттук легендасын дүйнө жүзүнө жайылтууга жардам берген оюнчуларынын оюну менен чеберчиликтерине күбө болуу үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк», — деп билдиришти клубдан.

«Барселонанын» маалыматына ылайык, алардын клубу менен Jalgroup Asia компаниясынын ортосундагы макулдашуу «Барса академиясы» долбоорунун эл аралык деңгээлдеги олуттуу жылышы болот, себеби клуб азырынча Борбор Азияда футбол мектебин ача элек.

Эки жаңы академия, клубдун маалыматына ылайык, Жапониядагы беш, Индиядагы төрт, ошондой эле Сингапурдагы академиянын катарын толуктап, Азия-Тынч океаны чөлкөмүндөгү 11 жана 12-академия болот.

«Жаш спортчулар алдыңкы сезондо “Барселона” академиясынын дүйнөлүк кубогу жана “Барселона” академиясынын Азия-Тынч океаны чөлкөмүндөгү кубогу сыяктуу эл аралык турнирлерге катыша алышат, бул турнирлер академиянын машыктыруу ишинин кульминациялык учуру болуп эсептелет жана [академиянын] бүткүл дүйнө жүзүндөгү оюнчуларынын ортосундагы достукту чыңдайт», — деп билдиришти «Барселонадан».