Президент «Эл аралык чукул жардам жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент Садыр Жапаров «Эл аралык чукул жардам жөнүндө мыйзамга» өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбооруна кол койду. Аталган долбоор үстүбүздөгү жылдын 29-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык, мындан ары Министрлер кабинети өлкөдө өзгөчө кырдаал катталган учурда мамлекетке келип түшкөн эл аралык жардамдын кандай колдонулганы туралуу отчёт бериши керек болот.

Ошондой эле эл аралык чукул жардам берүү боюнча көмөк көрсөтүү тобу түзүлүп, анын курамы, ыйгарым укуктары жана иштөө тартиби минкаб тарабынан аныкталат.

«Көмөк көрсөтүү тобунун ишин жакшыртуу, жүктөргө жана кызматкерлерге керек болгон документтерди тариздөө максатында республикалык деңгээлде туруктуу иштөөчү атайын топ түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар, өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берген эл аралык уюмдар же топтор кандай көмөк көрсөткөнү тууралуу ӨКМге ай сайын маалымат берүүгө милдеттендирилет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент «Жаштар жөнүндөгү» мыйзамга кол койду