Муфтият: Бишкекте диний окуу жайлар менен мечиттер текшерилип жатат

Бишкек шаардык казыяты 11-августтан тарта калаадагы бардык диний мекемелерди текшере баштады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта текшерүү өкмөттүн диний мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча чыгарган токтомунун негизинде жүргүзүлүп жатканы айтылат.

«Текшерүүнүн алкагында диний окуу жайлардын жана мечиттердин имараты жана жер аянтынын документтери, санитардык жана өрт коопсуздугунун корутундулары, тазалык жана окуу программалары каралып чыгып, тиешелүү тапшырмалар берилип жатат», — деп белгилешти муфтияттан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында талапка жооп бербеген диний мекемелердин кайдыгер караган жетекчи, имам-хатибдерине тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.

Буга чейин, 8-августта УКМК Ош облусунда курулуштагы мыйзам бузуулар жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген 39 мечит жана 21 диний окуу жайды убактылуу жаап, айып пул салган.

Андан сырткары дагы 48 мечитке жана 40 диний окуу жайга карата акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилгени маалымдалган.

Ага дейре, 29-июнда Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп келген 60 мечит аныкталып, аны текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн.

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектуранын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын макулдугу жок өз алдынча мечит куруу мыйзам талаптарын бузуу болуп эсептелет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: УКМК курулуштагы мыйзам бузуулардан улам 39 мечитти убактылуу жапты

УКМК: Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеген 60 мечит аныкталып, атайын комиссия түзүлдү