Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелгендер кармалды

ИИМ 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелген төрт киши кармалганын билдирди. Аманкулов 6-августка караган түнү «Алтын кум» пансионатында каза тапкан. Маркумдун достору жана туугандары Аманкулов ур-токмоктон каза тапканын айтышкан.

ИИМден билдиришкендей, 8-августта окуяга байланыштуу «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ведомстводон тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 100дөн ашык жаран суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көрсөтмө беришкен. Алар окуя болгон жерге жакын жайгашкан бар, кафе, ресторан жана дүкөндөрдүн жумушчулары. Милициядан белгилешкендей, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө. 

Адам өлтүрүүгө шектелип жаткандар 28 жана 32 жаштагы жарандар. Алар эки айга камакка алынды.

Кылмышка шектүүлөр. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

«Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда», — деп кшумчалашты ИИМден.

Жаш жигиттин өлүмү тууралуу 6-августта белгилүү болгон. Алгачкы сырткы кароодо жигиттин денесинен ур-токмоктун кандайдыр бир белгилери байкалган эмес.

Милициянын маалыматына ылайык, маркум көл жээгиндеги барда эс алып жатканда белгисиз бирөөлөр менен чатакташа кеткен. Кийин ал ошол эле бардын жанынан эс-учун жоготкон абалда табылган — биринчи жардам көрсөтүү эч кандай натыйжа берген эмес.

Каза болгон жигиттин туугандары жана достору иликтөөгө нааразы болуп, президентке кайрылышкан.

Каза тапкан Бекбол Аманкулов.

Кийин 7-августта бул ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон. Ага чейин президент милицияга жана өзүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Ысык-Көлдө эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоону тапшырган болчу.