Жапаров менен Ташиев УКМКнын Оштогу жаңы имаратын ачты

29-июлда президент Садыр Жапаров досу Камчыбек Ташиев менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктарынын өлкө тарыхындагы олуттуу ролун айтты. Ал жаңыланган шарттар регионалдык башкармалыктын кызматкерлерине жаңы дем-күч берип, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деп эсептейт.

«Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө оор кырдаал күчөп, анын кесепеттери мамлекеттер үчүн, анын ичинде улуттук коопсуздук маселелеринде жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды жаратты. Буга байланыштуу бардык маселелерге өлкө жетекчилиги тарабынан комплекстүү көңүл бурулуп жатат», — деди өлкө башчысы.

Башкармалыктын эски имараты 1979-жылы курулуп, мезгил-мезгили менен оңдоодон өтүп турган. Өткөн жылы 2836 чарчы метрди түзгөн 3 жаңы имарат курулуп баштаган. Учурда курулуш аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилди.

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш иш-чаралары салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыктабайт.

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Өткөн жылы «Апрель» телеканалынын журналисттери иликтөө жарыялап, анда «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак-жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын ачыкка чыгарышкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент УКМКнын Таластагы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Президент УКМКнын киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратын ачты