Ысык-Көл: Түптө УКМКнын жаңы имараты ачылды

3-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Маалымат боюнча, иш-чарага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Түп районунун акими Каныбек Адиев жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, тышкы жана ички коркунучтардан коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле аймактык бүтүндүктү сактоодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзгөчө ролун белгиледи.

Жаңы имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалганы жана кызматкерлер үчүн баардык шарттар түзүлгөнү айтылууда.

Буга чейин, 29-июлда президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачышкан.

УКМКнын жаңы имараттары

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш иш-чаралары салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыктабайт.

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Өткөн жылы «Апрель» телеканалынын журналисттери иликтөө жарыялап, анда «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак-жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын ачыкка чыгарышкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров менен Ташиев УКМКнын Оштогу жаңы имаратын ачты

Караколдо Сот адилеттик үйү ачылды — анда үч сот жайгашты

Бир кадр менен: Президент Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйүн ачты