УКМК: Жылан уусун мыйзамсыз сатууга шектелгендер кармалды 

УКМК күчтүү таасир этүүчү Gurza жылан уусунун ири партиясын сатууга аракет кылган төрт киши кармалганын билдирди. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Ведомствонун маалыматына ылайык, шектүүлөр Ала-Бука районунун Ала-Бука айылындагы издөө учурунда, аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 гр.) сатып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Мамкомитет уулуу зат Кыргызстанга мыйзамсыз алып келингенин аныктаган.

Аталган уунун 1 граммы «көмүскө базарларда» 300дөн 600 долларга чейин турары айтылат. Ведомствонун эсебине ылайык, бул ампулалардын эң төмөнкү жалпы баасы 700 миң доллардан ашат.  

Аталган факты боюнча УКМК «Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.