Президент маданият, искусство жана спорт тармагына 670 млн сом бөлүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров «маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндөгү» жарлыкка кол койду. Документке ылайык, минкабга бул тармактарга 670 млн сом бөлүү тапшырмасы берилди. 

Президенттин басма сөз кызматы мындай чечим азыркы учурда «маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттерин чечүүнүн, маданий потенциалды сактоого, маданий баалуулуктарга жетүүгө болгон конституциялык кепилдиктерди камсыз кылууга, маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоого багытталган чараларды көрүүнүн өтө зарылдыгы бышып жетилгенине» байланыштуу кабыл алынганын түшүндүрдү. 

«Бөлүнгөн акча каражаты азыркы учурдагы маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттерин чечүүнүн, маданий потенциалды сактоого, маданий баалуулуктарга жетүүгө болгон конституциялык кепилдиктерди камсыз кылууга, маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоого багытталат», — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин Финансы министрлиги Маданият министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын бюджетинен 2,1 млрд сом суммадагы чыгымдар каржыланганын билдирген. Ошондой эле Дене тарбия жана спорт департаментинин 896,3 млн сом суммадагы, анын ичинде спортчулардын календардык план боюнча спорттук иш-чараларга катышуусуна деген 250 млн сом чыгымы каржыланган.