УКМКнын төрагасы Ташиев кыргызча контент жараткан блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев интернетте tolik_kyrgyz1 деген никнейм менен белгилүү блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды. Бул тууралуу 17-августта атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ташиев блогерге «кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын жана муну жогору бааларын» белгилеп, блогердик ишмердигин «патриоттук духта улантышы керектигин» айтты. 

«[Ташиев] көп улуттуу Кыргызстандын ар бир жараны, кайсыл улуттун өкүлү экенине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам бериши керектигин, бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болорун кошумчалады», — деп айтылат билдирүүдө. 

Минкабдын төрагасынын орун басары блогер Разгоняевге белек катары камчы жана ак калпак тартуу кылды. 

@tolik_kyrgyz1

♬ оригинальный звук - tolikkyrgyz

Разгоняев TikTok соцтүйүнүндө кыргыз тилинде ишмердүүлүк алып барат. Анын 38 миңден ашык катталуучусу бар. Ал эми тарткан видеолору жүз миңдеген колдонуучулар тарабынан көрүлгөн. 

Ташиев буга чейин Кыргызстандын паспортун ала албай кайрылган тургунга өзү паспорт тапшырган. Аны менен катар, УКМКнын төрагасы өлкөнүн аймактарындагы ар кандай объекттердин ачылыш иш-чараларына катышып келет

Мисалы, өткөн жылы кичи мекени Сузак районуна караштуу Барпы айылында агасы Жаныбек Ташиевдин элесине арналган «Жони» эс алуу багынын ачылышына жана Жалал-Абаддагы төрт көчөнүн оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземине катышкан

Андан сырткары Ташиев өлкөнүн ар кайсыл аймагында курулуп же оңдоодон өткөрүлгөн УКМКнын ондогон имараттарынын ачып келет. Мындай имараттар өлкө боюнча ондоп саналат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев асфальт төшөлгөн көчөнүн ачылышына катышты

Садыр Жапаров блогерлер менен жолугушту, бирок бул тууралуу айтылган жок