Баткендин эң алыскы Зардалы айылына алып барган жалгыз жол кеңейтилди

Транспорт жана коммуникация министрлиги Баткен облусунун Зардалы айылына кете турчу жалгыз жолдун тар жана кооптуу жерлери тазаланып, кеңейтилгенин билдирди

Зардалы айылына кете турган жол. Сүрөт: Транспорт министрлиги

Жолчулар жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох — Кан — Зардалы жолунун 53-85-чакырым аралыгында иш жүргүзүшкөн. Министрлик жолдун буга чейин бир гана унаа өтө ала турган жери тазаланганын белгиледи. 

Зардалы Баткен шаарынан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бийик тоолуу райондогу бул айыл областун эң алыскы айылы болуп эсептелет. Айылга алып барган жалгыз гана таштак жол бар. Жолду суу жеп кеткенде электтиктер тышкы дүйнө менен байланыша албай калат. Мындан улам элеттиктер айылга коопту тоо кыркаларын бойлоп барышат. 

Зардалыда электр жарыгы жок, ал жакта турууктуу болгону 250 адам. Өрүк жана чайыр сезонунда тургундардын саны 1000ге чыгып калат.

2022-жылдын августунда Зардалы айылына күн энергиясынан кубат алган станция орнотулганы белгилүү болгон, бул жергиликтүү мектепти интернет менен камсыз кылууга мүмкүндүк берген.