Ош облустук милициянын кызматкерлери волейбол боюнча мелдеште 1-орунду ээлешти

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган команда Ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу «Клоопко» 18-августта облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал эми мелдеште экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы алса, үчүнчү орунду Бишкек ШИИББдин командасы багындырды. Чемпионаттык турнирге өлкө аймактарындагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жалпы 11 команда катышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Аталган иш-чараны 17-августта Кыргыз дене-тарбия «Динамо» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары, милициянын отставкадагы полковниги Төрөкул Мадалиев уюштурду.

Саамалык «достукту жана кызматкерлер ортосундагы ынтымакты бекемдөө» максатында кызмат учурунда Баткен облусунда каза тапкан милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин элесине арналды.

Улан Сарыбаев Кыргызстандын атайын багыттагы күчтөрүндө пулемётчу болуп кызмат өтөгөн. 2006-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда Тажикстандын чек ара бекети аркылуу бастырып кирген куралчан бандиттердин колунан көз жумган