Минкаб: Кытай менен Кыргызстан өлкөдөгү эки кенди бирге иштетет

Кытайлык Shanci Coal Investment Group LLC компаниясы менен «Кыргызкөмүр» ишканасы Кыргызстандагы эки көмүр кенин бирге иштетет. Бул тууралуу 19-августта минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки өлкө «Ак-Улак» жана «Беш-Бурхан» кендерин бирге иштетет. Келишимге минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров катышкан Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы кыргыз-кытай бизнес-форумунда кол коюлду.

Мындан тышкары, жыйында «Тегене», «Торугарт», «Каракабак-Балыкты», «Сүлүктү-11 поле» жана «Торугарт 1» кендерин чогуу иштетүү ниети боюнча да макулдашылды.

Өкмөт башчысынын төрт күндүк бул сапарында курулуш, гидроэнергетика, билим берүү тармактарындагы маанилүү макулдашууларга кол коюлганы кошумчаланды.