Бир видео менен: Киров суу сактагычынын какшып калган көрүнүшү

Жылдызбек Керимбаев аттуу Фейсбук колдонуучусу Талас облусундагы Киров суу сактагычынан тартылган видеосун чыгарды. Ал суу сактагычтын жанынан өтүп баратып суунун «таптакыр жок калгана» көңүл бурбай өтүп кете албаганын белгилеген.

«Бир апта мурда эле казактар бизди суу берүүнү токтотуп койду деп нааразы болуп жатат деген жаңылык чыкты эле. Көрсө, бергенге деле эч нерсе калбаптыр. Мен 45ке чыгып калдым, анын 20 жылын ушул суу сактагычтын жээгинде жайгашкан Кызыл-Адыр айылында жашадым, суу биздин айылдын жээгинде жайгашкан үйлөрдү, короолорду каптап турчу. Шаарда жашаган 25 жылымда дайыма тууган, кошуна-колоң менен байланышып турчумун, суу сактагыч ушундай абалга түшүп кетет деп ойлочу да, укчу да эмесмин», — деп жазды Facebook колдонуучусу.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги «Азатыкка» Кыргызстан августтун экинчи декадасынан тартып Казакстанга Киров суу сактагычынан сугат суу берүүнү токтотуп жатканын билдирген. Мекеме кызматкерлеринин айтымында, казак тарап Жамбыл облусунда сугат суусу тартыш болуп аткандыктан Киров суу сактагычынан сууну көбүрөөк өлчөмдө берүүнү суранган.

Бирок кыргыз тарап өзүндө да эгин талаалары куурап жатканын айтып, суунун агымын көбөйтө албасын билдирген.

Айыл чарба министрлиги азыркы тапта Таласта да сугат суу маселеси курч экенин, учурда Киров суу сактагычына секундуна болгону 1,3 куб метр суу агып кирип жатканын белгилеген. Былтыр ушул маалда бул көрсөткүч 13,7 куб метрге жетип турган.

Мекемеден Киров суу сактагычына суунун агып келүүсү көбөйсө Казакстанга суу топтоо маселеси караларын кошумчалашкан.

Киров суу сактагычы Талас облусунун Талас дарыясында жайгашкан. Суу сактагычтын негизги функциясы кышкысын жана жайкысын Талас дайрасынан топтолгон суу менен Талас өрөөнүнүн жана Казакстандын айдоо жерлерин сугаруу эсептелет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айыл чарба министрлиги: Сууну Казакстанга келишим боюнча берип жатабы