Ак-Суу: Экспертиза 51 жаштагы аял сабалганын жана зордукталганын тастыктады

Сүрөт: Коллаж

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кошунасы тарабынан ур-токмокко кабылып, зордукталды делген 51 жаштагы аялга жүргүзүлгөн экспертиза зомбулук болгонун тастыктады. Бул тууралуу «Азаттыкка» 22-августта укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Рузиев шектүүгө карата «Кыйноо» беренеси менен кошумча айып тагуу боюнча Каракол ШИИБине арыз жөнөтүлгөнүн айтты. Буга чейин шектүү «зордуктоо» жана «денеге оор залал келтирүүгө» айыпталып жаткан болчу. 

Ал эми облустук милициядан окуя боюнча комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Бишкекке жөнөтүлгөнүн белгилешти. Ишти Каракол ШИИБи тергеп жатат.

Буга чейин, 26-июлда Ак-Суу районунун 51 жаштагы тургуну 46 жаштагы айылдашы аны күч колдонуп унаага салып, талаага алып барып сабап, зордуктаганын айтып чыккан

Бул окуя Ак-Суу райондук милициясына каттоого алынып, шектүүгө карата «Зордуктоо» беренеси менен иш козголгон. Райондук сот шектүүнү үй камагына чыгарган.

Жабырлануучунун айылдаштары соттун өкүмүнө нааразы болуп митингге чыккан. Алар «шектүү унаа менен айылды аралап, “мага эч нерсе кыла албайсыңар” деп кыйкырып жүргөнүн» кошумчалашкан.

Бул окуя коомдо наразылык жаратып, тергөөчү шектүүнү «Коркутуу менен коштолгон зордуктоо» беренеси боюнча камакка алууну өтүнүп, сотко доо арыз берген.

Ал эми Жогорку соттун судьясы Замирбек Базарбеков 1-августта судья Абдисалам Мойдуновдун аракетине байланыштуу ыкчам жыйын өткөргөн. Жыйындан соң Мойдунов кызматын тапшыруу тууралуу арыз жазып, иштен кеткен.

Аялдарга карата зомбулук

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму болсо 2021-жылга карата отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген.

Эгер сиз зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз жардам алуу үчүн милицияга же өлкөдөгү кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ак-Суудагы митинг: Зордуктоого айыпталган киши камакка кайтты, бошоткон судья иштен кетти