Баткен: Лейлек районунда 50 үй ээсине «кызыл китеп» тапшырылды

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катраң айылында 50 тургунга жеке менчик жерге ээлик кылуу укугу жөнүндө мамлекеттик актылар тапшырылды. Ал эми дагы 46 тургунга «кызыл китеп» даярдалууда. Бул тууралуу 21-августта райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Лейлек району боюнча жер мунапысына байланыштуу жалпы 296 арыз келип түшкөн. Алардын 258и канааттандырылып, коомдук маалымдоого илинген. 

Бүгүнкү күнгө карата Лейлек району боюнча райондук жумушчу топко жалпысынан 296 арыз келип түшкөн. Анын ичинен мыйзамдаштырууга 258 арыз канаттандырылып, коомдук маалымдоого илинген. 

Ал эми жергиликтүү бийликтин расмий токтомдоруна ылайык, жалпы 89 жаранга 9 гектар 25 соток жер аянты «Калктуу конуштардын жерлеринин» категориясына которулду. Андан сырткары, 5 арыз мыйзамдаштырууга болбой турганы аныкталып, 15 арыз тактоо үчүн кайтарылды.

«Техникалык паспорттор, мамлекеттик актылар “Кадастр” маммекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалы тарабынан даярдалууда. Тургундар тарабынан мамлекеттик актка жалпы 10 миң 856 сомдук төлөмдөрдү жүргүзгөндөн кийин кызыл китеп берилет. Анын ичинен архитектурага — 4356 сом, акт үчүн “Кадастрга” — 4500 сом, техникалык паспортко — 2000 сом [төлөнөт]», — деп билдиришти райадминистрациядан.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамы боюнча Лейлек районунда жер мунапысын жүргүзүүнү ишке ашыруу үчүн атайын комиссия түзүлүп, мыйзамсыз курулган жалпы 606 объект аныкталган.

Ага кызыл сызыкта, электр линияларынын астында, сел нугунда жайгашкан турак жайлар, жер аянттары, мал сарайлар жана башка объектилер киргендиктен комиссиянын кароосуна арыз калтырган тургундардын курулуштарын мыйзамдаштыруу иштери башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте жерлерин мыйзамдаштырып берүүнү талап кылган жарандардын митинги өттү