Ош: Милиция кош бойлуу аялына бычак сайган кишини кармады

Ош милициясы 33 жаштагы кош бойлуу аялына бычак сайган кишини кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнен билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучу ооруканага 23-август күнү саат 23:30да оор абалда түшкөн. Ага 40 жаштагы күйөөсү бычак урган. Бирок дарыгерлер аялдын курсагындагы баланы сактап кала алышкан эмес. 

Азыркы тапта жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Милиция «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.