Экономика министрлиги: Казакстан товарларды эркин өткөрбөй ЕАЭБдин негизги принцибин бузууда

Экономика министрлиги Казакстан Кыргызстандан чыккан товарлардын эркин өтүүсүн чектөө менен ЕАЭБдин негизги принциптерин бузууда деп билдирди. Акыркы күндөрү кыргыз-казак чек арасында Кыргызстандан коңшу республикага багыт алган оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болду

Ведомстводон 24-августта «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) өкүлдөрүнөн турган көчмө кеңешме өткөнүн билдиришти. Анда алар кыргыз-казак чек аражасында болуп жаткан кырдаал менен таанышышкан. Кеңешме Экономика министрлигинин демилгеси менен өткөнү белгиленет.

Экономика министринин орун басары Назарбек Малаев көчмө кеңешмеде 20-августтан бери чек арада оор жүк ташуучу унаалар топтолуп, өтө албай туруп калгандыктан «кырдаалдын чыңалуусу» байкалып жатканын айтты.

«Бул жагдай аталган пункттарда Казакстан тараптан контролдук-текшерүү иш-чараларынын катаалдашы менен шартталган, бул Казакстан Республикасы тарапка жүк ташуучу автомобилдерди өткөрүүнү кыйла кечеңдеткен. Ошону менен бирге, казак тарап ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун иштешинин негиз салуучу принциптеринин бири – товарлардын эркин жүрүү прицибин бузууда», — деп белгиледи министр.

Министрликтен «мындай кырдаал кайталанма мүнөзгө ээ экенин жана казак тарап Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандан келе жаткан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жайлатуу үчүн дайыма түрдүү себептерди табарын» белгилешти. 

«Чек арада түзүлгөн кырдаал, албетте, Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Биздин ишкерлер чоң жоготууларга учурап жатышат жана өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин өз убагында аткара албай жатышат. Ошондой эле токтоп турган жүктүн арасында тез бузулуучу продуктулар да бар, аларды өз убагында жеткирбөө чоң финансылык жоготууларга алып келет», — деп айтылат ведомствонун маалыматында. 

Өз кезегинде ЕЭК Казакстан 24-августта кыргыз-казак чек арасында унаалардын өтүүсүн саатына 2-3 унаадан 8-9 унаага чейин көбөйткөнүн билдирди.   

Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын топтолуп калганына байланыштуу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров да үн катты. Ал 24-августта Арменияда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйынында «товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун маанилүүлүгүн» белгилеген.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жарала баштаганы тууралуу маалыматтар 20-августтан тарта пайда боло баштаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-августта түшкү саат 12:00гө карата республиканын бардык төрт көзөмөл-өткөрмө пунктунда өлкөдөн чыгуу үчүн кезекте 600дөн ашык оор жүк ташуучу унаа турганын билдирген. Ошол эле маалда кыргыз тараптын өткөрүү пунктары штаттык режимде иштеп жатканы белгиленген.    

Өз кезегинде Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын топтолуусу боюнча комментарий берип, «чек ара аймагында, анын ичинде өткөрмө пунктарында мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатат» деп билдирген. Ошол эле маалда коңшу өлкөнүн ведомствосу «эч кандай чектөө жок экенин жана өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатканын» белгилеген.