«Рустам инвесторлорду тартып жатат». Жапаров «ПолитКлиниканын» иликтөөсүнө жооп берди

26-августта президент Садыр Жапаров «ПолитКлиника» басылмасынын «Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар» аттуу иликтөөсү тууралуу пикирин билдирди.

Ал иликтөөдө сөз болгон «СК Девелопмент» компаниясынын жетекчиси Алексей Конев менен уулу Рустам Жапаровдун байланышы бар экенин ырастады.

«Конев дегенди мурда тааныбайт элем. Камалгандан кийин билдим. "Керемет банктан" 3 миллион доллардын тегерегинде кредит алып төкпөй кетип камалыптыр. "Керемет банк" өзүңөр билесиңер мамлекеттик банк. Кредиттин баарын толук төктүрдүк. “Аврора Плюстагы” Максим Бакиевдики делген 4 коттеджди, 33 квартиранын баарын мамлекетке өткөрүп алдык. 2010-жылдан бери, аттарын атабай эле коёюн, үлкөн чиновниктер рейдерлик кылып ээлеп отуруптур. Азыр толугу менен мамлекеттин менчиги болуп калды», — деди ал.

Жапаров «СК Девелопмент» компаниясы Кош-Көл айылына гольф клубун куруу үчүн конкурстан 92 гектар жер утуп алганын белгилеп, алар курулуштун баасын 10 эсеге чейин жогору жүргүзө баштаганда токтотуп калганын айтты.

«Эгер тим койсок 1-2 имаратты бир миллион долларга салып туруп, курулушту токтотуп коюп “10 миллион долларга салдым, ким катышам же сатып алам десе 10 миллион бергиле” деп отура бермек. Ошентип ал жер да Жогорку Нарын ГЭСиндей биздин мамлекеттин мойнуна илинмек. [...] “Ошол сыяктуу 92 гектар Кош-Көлдүн жерин дагы уттуруп, отуруп калабызбы” деп Рустамды жиберип, көзөмөлдөтүп койдум. Курулуш аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, баасын текшерип турат. Жибергеним жакшы эле болгон экен. Ал компания курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчалары жок», — деди ал.

Ошондой эле өлкө башчысы уулу Рустам инвесторлорду тартып жатканын белгилеп, инвестиция салам дегендерди кабыл алат деп кошумчалады.

«30 жылдан бери чукулашып олтурганда кошуна өлкөлөр космоско учуп жатышат. Биз велосипед чыгара албай олтурабыз. Мен кантип кыска убакта кошуналарды кууп жетебиз деген план менен иштеп жатам. Эң негизгиси Жапаров, Ташиевдер мамлекетке бир тыйын зыян келтирбейт. Муну көзөмөлдөгөнгө ал-күчүм жетет. Тескерисинче, сырттан мамлекетке ташып келишээрине ишенем. Мурдакылардын катасын кайталабайбыз», — деди Жапаров.

25-августта «ПолитКлиника» басылмасы Ысык-Көлдөгү «Аврора Плюс» эс алуу жайынын мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарып алуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу иликтөө жарыялаган.

Журналисттер иштин алкагында кармалган шектүүлөрдүн бири, бозгун президент Курманбек Бакиевдин «мудагы бизнес-өнөктөшү» делген Алексей Конев менен президенттин уулунун байланышын аныктаган.

Коноевге таандык «СК Девелопмент» компаниясын негиздегендердин курамына Рустам Жапаровдун уулунун досу жана президенттин жакын адамы Арзыбек Буркановдун бир тууган кайын эжеси кошулганы белгилүү болгон.