Билим берүү министри: Мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат курулат

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат курууга тапшырма берди. Бул тууралуу 29-августта Билим берүү министри Каныбек Иманалиев мугалимдердин август конференциясында билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы мындай тапшырманы тиешелүү уюмдарга 25-августта берген. 

Андан сырткары министр 700 мугалимге арзандатылган баада ипотекалык насыя түрүндө үй курула турганын, долбоордун жер маселеси чечилгенин айтты. Турак жай кайсыл жерге салынарын жана анын курулушу качан башталары туураалуу маалымат берилген жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 10 мугалимге турак жай куруу үчүн жер берилди