Ошто 10 мугалимге турак жай куруу үчүн жер берилди

23-августта Ош облусунда 10 мугалимге турак жай куруу үчүн жер тилке алууга сертификат тапшырылды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер тилкелери Өзгөн районунан беш, Кара-Суу районунан төрт жана Араван районун бир мугалимге берилди.

Мындан сырткары беш кызматкер президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тарабынан алгачкы жолу Ош облусунун эң жогорку сыйлыгы болгон «Ош облусунун Ардактуу атуулу» наамы жана «Даанышман» медалдары менен сыйланды.

Аны менен катар, алдыңкы мугалимдерге жана билим берүү мекемелерине ардак грамоталар тапшырылды.

Иш-чара Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы тарабынан Билим берүү кызматкерлерине арналган концерттик программа менен коштолду.

Облус боюнча жаш мугалимдерге дем берүү максатында ушундай эле жер тилкелери акыркы эки жылдан бери тынымсыз берилип келет. Былтыр жалпы 15 мугалимге үй салуу үчүн жер тилкелерин алууга сертификаттар тапшырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош облусунда 15 мугалимге там салуу үчүн жер тилкелери берилди