Бир кадр менен: Жапаров менен Ташиев «Барсанын» легендарлуу оюнчулары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Барселона» клубунун мурдагы оюнчулары жана легендалары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Жапаров «Барселона» клубунун легендалары өлкөгө болгон сапары менен кыргызстандык күйөрмандарга көптөгөн жаркын сезимдерди тартуулашарын белгиледи. Анын айтымында, күйөрмандар легендалардын оюнун өз көзү менен көрүп, кыялдарын орундатышат.

Жолугушууда «Барселона» футболдук клубунун президенти Жоан Лапорта дагы болду. Ал футболисттер 30-августта Бишкекте өтө турган «Азиянын легендалары» командасына каршы беттешке даярданып жатышканын айтты. Экинчи команданын курамында президент Садыр Жапаров өзү да ойной турганы күтүлүүдө.

«Биз оюнга даярданып жатабыз жана жакшы оюн көрсөткүбүз келет. Ар бир команданын баалуулугу – жеңиш, бирок биз ар дайым кызыктуу оюн көрсөтүүгө аракет кылабыз, андыктан биздин өзгөчөлүк биздин стилде», — деди Лапорта.

Аталган матч Жалал-Абадда «Барсанын» футболдук академиясынын ачылышына карата өтөт, бул тууралуу мурдараак Кыргызстандык футбол союзу (КФС) билдирген.   

Лапорта жаш футболчуларды окутуу ыкмасы башкы филиалдагылай эле болорун белгиледи. Ал «Кыргызстанда академиянын футбол клубун ачуу мүмкүнчүлүгү үчүн» Жапаровго ыраазычылыгын билдирип, «мында өлкө башчысынын жеке салымы бар экенин» белгиледи.

Кыргызстанда «Барса» академиясын ачуу жана каталондук клубдун легендаларынын келиши учурда соцтүйүндө кызуу талкууланып жатат. Ал тургай чуу да чыгып кетти.

Мурдараак «Клооптун» журналисттери иликтөө чыгарып, «Барселона» футболдук кулубунун Кыргызстандагы франшизасынын ээлеринин катарында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен өлкө башчысынын жакын адамдары бар экенин айтып беришкен.

Мамлекет башчысы иликтөөчү журналисттердин маалыматтарын бышыктаган. Бирок аны менен кошо Жапаров журналисттерди «чымындан пил жасап, жамандык эле жазып, инвесторлорду үрктүп жатышат» деп кескин сынга алган

Анын эртеси эле Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу тууралуу доо арыз бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат. 

Ошол эле кезде документтин көпчүлүк бөлүгү таптакыр эле башка темага арналган — «Клооптун» материалдары Кыргызстанга терс таасир этип жаткан имиш.