Кулубаев орусиялыктарга жарандык «эмгек күчүнүн жетишсиздигинен» улам берилип атканын айтты 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Deutsche Welle’ге (DW) курган маегинде эмне үчүн кыргыз бийлиги орусиялыктарга жарандык берип атканын түшүндүрдү.

Анын айтымында, жарандык алгандардын көбү, «кайсыл бир убакта Орусияда жашап», учурда мобилизациянын айынан кайра кайтып жаткан теги кыргызстандыктар.

«Көбү жарандыкка тапшырып жатышат, бул жерден биз жок деп коё албайбыз. Ал эми сиз саясий дегендер, саналуу эле», — деп белгиледи ал.

Ал эми теги кыргызстандык эместерге жарандык алар «республикада бизнес ачып аткандыктан» берилип атканын белгиследи Кулубаев.

«Биз эркин өлкөбүз. “Сен орус экенсиң, сага жарандык бере албайбыз” деп айта албайбыз. Эгер ал Кыргызстандын жараны болгусу келсе, эмнеге болбосун? Бизде калкыбыздын саны болгону 7 млн. Биз азыр ири долбоорлорду баштап жатабыз. Бизде эмгек ресурстары жетишсиз», — деп билдирди министр. 

Орусиялыктар Орусия Украинага кол салып баштагандан кийин активдүү түрдө кыргыз паспортторун ала баштаганын мурдараак The Insider басылмасы жазган. Анда журналисттер мындан улам кыргызстандыктардын өзүнө шенген визасы аз бериле баштаганын айтышкан.

Transparency International уюмунун Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Илья Шумановдун айтымында, «орус элитасы Кыргызстанды дүйнөгө чыгуунун мыйзамдуу жолу катары колдонууда». Санкцияга кабылгандар үчүн экинчи паспорт дүйнө жүзү боюнча саякаттоо, бизнес жүргүзүү боюнча чектөөлөрдү алып саларын жана баарынын жашоосун жеңилдетет деген ал.

Кыргыз жарандыгын Орусиянын Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин, Америкага каршы көптөгөн акцияларды уюштуруп жүргөнү менен таанымал кремлчи «Наши» кыймылынын экс-спикери Мария Дрокова, ошондой эле «Сколково» фондунун биринчи вице-президенти Кирилл Каем алганы айтылган.

Дагы окуңуз: The Insider: Орусиялыктарга паспорт «тараткандыктан» кыргыз жарандарына шенген визасы азыраак бериле баштады