«Чек арасыз репортёрлор» прессанын эркиндигин коргоо боюнча эл аралык уюму кыргыз сотун «Клоопту» жоюу тууралуу доону «негизсиз, абсурддуу жана саясий өңүтү бар» деп четке кагууга чакырды. Эл аралык уюмдан Кыргызстандын президенти «айтылган сынга аллергиядан жабыркап, Борбор Азиядагы эркин прессанын соңку оазисин жок кылуу менен көз карандысыз ЖМКларды коркутууга аракет кылып жатат» деп белгилешти.
«Чек арасыз репортёрлор» өлкө бийлиги «Клоопту» жоюу аракети тууралуу басылма өлкө президенти менен «Барселона» футболдук клубуна байланыштуу фаворитизм жөнүндөгү иликтөөсүн жарыялагандан кийин билдиргенин да эскертип өтүштү. «Клооптун» президенттин туугандары жана Орусиянын өзөктүк гиганты «Росатомдун» өнөктөшүнүн «Барселона» футбол клубунун франшизасы менен байланышы бар экенин айтып чыгышы Жапаровдун кыжырына тийди.
28-августта, футбол клубунун жылдыздары менен жолугушуудан бир күн мурун президент «Клооптун» журналисттерин «негативди» издейсиңер деп айыптаган. Кийинчерээк 22-августта, иликтөө чыккан күнү эле сотко Бишкек шаардык прокуратурасынан «Клоопту» жоюу талабы менен доо арыз келип түшкөнү белгилүү болду. Анда прокурор УКМКнын берген баасына жана былтыр күзүндө жана быйыл жазында өткөрүлгөн үч экспертизага таянып, «Клооп» «учурдагы бийликтин ишмердүүлүгүн кескин сындоого […] жана мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискредитациялоого аракет кылып жатат» деп билдирген.
«Чек арасыз репортёртор» уюму документ менен таанышып чыгып, «Клоопко» карата доо арыз «эч кандай укуктук негизи жок абсурддуу аргументтерге негизделген» деген бүтүм чыгарды. Ошентип, прокурор «Клоопту» ЖМК катары каттоодон өткөн эмес деп айыптап жатат, бирок азыркы мыйзам интернет басылмаларынан муну талап кылбайт.
«Клооптун» бийликке карата негативдүү мамилесинин далили катары прокурор керек болсо интернетте табууга болбой турган макалаларды келтирген. Ошол эле маалда ал эч кандай мисал келтирбей туруп, «Клоопту» «Кыргыз Республикасынын жарандарын орус улутуна салыштырмалуу кемтиги бар» деп көрсөтүүгө жана «орус улутундагыларга карата басынтуучу сөздөргө» айыптап жатат.
«Бул Садыр Жапаровдун өткөн жылга чейин Борбор Азияда сөз эркиндигинин салыштырмалуу оазиси деп саналып келген өлкөдө көз карандысыз ЖМКны коркутуп-үркүткөнгө жана цензурага алып келүүгө биринчи эле аракети эмес», — деп белгилейт RSF’тин Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье.
— Анын айтылган сындарга карата аллергиясы бардай, муну анын өтө сезимтал болгондугу тастыктап турат. Анын «Клооптун» иликтөөсүнө карата аша чапкан жана жектүү реакциясы жана андан кийинки абсурддуу юридикалык чабуул анын чыныгы жүзүн көрсөтүп турат. RSF Бишкек сотун бул негизсиз доо арызды четке кагууга чакырат».
«Чек арасыз репортёрлор» «Клооп» 2007-жылы ачылгандан баштап эле көптөгөн чуулу окуялардын, анын ичинде Кыргызстандын бажы кызматындагы жүздөгөн миллион долларлык коррупциянын бетин ачканын белгилейт. Басылма буга чейин эле бийлик тарабынан басымга кабылып келген.
Эл аралык журналисттер мунун баарын «Азаттык Радиосунун» окуясына окшоштурду. Башында «Азаттыктын» сайты Кыргызстанда бөгөттөлүп, кийин бул ЖМКны жоюуга аракет кылышкан. 2023-жылдын 12-июлунда «Азаттык» басылмасы бийлик тарабынан юридикалык куугунттукка чекит коюу үчүн Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалы тууралуу эч кандай айыбы жок сюжетти сайтынан өчүргөн.
Азыркы тапта Кыргызстан прессанын эркиндиги боюнча бүткүл дүйнөлүк индексте 2022-жылына салыштырмалуу 50 позицияга төмөн түшүп, 122-орунду ээлейт. Кыргызстан көп убактан бери болуп келген Борбор Азиядагы эркин ЖМКнын оазиси Жапаровдун режиминин муунткан кысымы астында жоголуп бара жатат деп билдиришти RSF’тен.